• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Ош облусунун 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында облустун 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйынга облус башчысы Элчибек Жантаев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары, район акимдери, райондук мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышышты.

Коллегиялык жыйындын күн тартибинде кароо үчүн 3 маселе коюлган:

1. Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2024-жылдын тогуз айынын жыйынтыгын чыгаруу жана 2024-жылдын IV кварталына милдет, пландарды коюу;

2. "КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндөгү" токтомун жана КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 10-июнундагы №52-130 буйругун райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышынын абалы;

3. КР президентинин, министрлер кабинетинин, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ченемдик укуктук актыларын ишке ашырууда, жарандардын кайрылуулары менен иштөөдө, кадрдык иштерди, эмгек тартибин жөнгө салууда Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө.

Күн тартибиндеги маселелер боюнча президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппарат жетекчиси маалымат беришти.

Андан соң облуста 9 ай ичинде өнөр жай, инвестиция тартуу, айыл чарба жана башка бардык тармактарда негизинен көрсөткүчтөр жакшы экени белгиленди.

Өнөр жай тармагында 2024-жылдын январь-сентябрь айларында Ош облусу боюнча 13 млрд 716,4 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 110,6 пайызды түздү.

Ошондой эле бул аралыкта облустун аймагында өнөр жай багытында 92 жаңы ишкана ачылып, 993 жумуш орду түзүлдү. Анын эсебинен жалпысынан өнөр жай тармагында 1 млрд 928,4 млн сомдон ашык инвестиция өздөштүрүлдү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 611,2 млн сомго көп инвестиция тартылып, 38 ишканага көп ачылды. Белгиленгендей, 2023-жылдын 9 айында 54 ишкана ачылып, 1 млрд 317,2 млн сом инвестиция тартылган.

Облус боюнча дотациянын көлөмү былтыркы жылдын 9 айына салыштырмалуу 4 пайызга азайды. 2025-жылга чейин 5 айыл өкмөт дотациядан чыгуу алдында турат.

Инвестиция тартуу жаатында дээрлик 11 млрд 531,7 млн сомдук тышкы жана ички инвестициялар өздөштүрүлдү, же былтыркы жылдын деңгээлине карата 181,4 пайызды түздү. Облустун бардык райондорунда 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик өсүү темпи байкалды.

Ош облустук өнүктүрүү фондуна республикалык бюджеттен 300 млн берилген. 115 долбоор өтүнмө катары түшкөн. 9 айда 64 долбоор аталган фонд тарабынан каржыланган.

Айыл чарба тармагынын дүң продукциясынын чыгарылышы 54 млрд 640 млн сомду түздү. Былтыркы жылга салыштырмалуу пайдаланылбай калган жерлер 1000 гектарга кыскарган.

Ошол эле учурда айрым кемчиликтер да айтылып, ар бир кемчиликтер боюнча талкуулар жүргүзүлүп, жылдын жыйынтыгы менен көрсөткүчтөрдү жакшыртууну милдеттендирди.

Ал эми документ жүгүртүү тутуму аркылуу документтердин катталышын жана аткарылышын көзөмөлдөөнү талапка ылайык жүргүзбөгөндүгү үчүн айрым райондордун өкмөт башчыларына жана орун басарларына "сөгүш", ал эми аткаруучулук тартипти камсыз кылууга жетиштүү көзөмөл кылбагандыгы үчүн "эскертүү" тартиптик чарасын берүү сунушталды.

Жыйындын соңунда президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн" медалы менен, өкүлдүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Ардак грамотасы" менен, өкүлдүн орун басары Илияз Ташбаев Экономика жана коммерция министрлигинин "Кызматташтык салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий