Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титиреди, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөзь кызматы.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 07:08де Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Өзгөн районунун Жийде, Ничке-Сай, Ак-Терек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок
Пикир
Оставить комментарий