• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Ош облусунун аймагында жолдорду оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Күн мурун президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев менен биргеликте жумушчу сапар менен Өзгөн жана Ноокат районуна барышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө жетекчилер Өзгөн районунун аймагындагы көйгөй жараткан жолдордун абалы менен таанышып чыгышып, тийешелүү көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш алып барылаары айтылды. Ошондой эле Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулуш иштерин да көрүштү.

Андан соң министр менен облус жетекчиси Ноокат районуна сапар алышты. Анда Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 34+400-40+400-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө жана көпүрөлөрдү куруу иштеринен кабар алышты. Учурда төрт тилкелүү жолдун бир тарабынын 1,8 чакырым аралыгына 9 см калыңдыктагы асфальттын биринчи катмары басылып бүттү.

Асфальт төшөө иштери менен катар Ош – Баткен – Раззаков унаа жолундагы 3 чоң көпүрөнүн курулушу да кызуу жүрүүдө.

Бардык иштер менен таанышып чыккан Элчибек Жантаев жолчуларга иштин нугун токтотпой, жумушту өз убагында бүтүрүүнү эскертип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көмөктөшүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий