• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ош облусунун ар бир районунда арзан көмүр саткан атайын базалар ачылат

Аймак 0

Бишкек, 04.10.23./Кабар/. Ош облусунда күз-кыш мезгилинде көмүрдүн баасын туруктуу кармоо жана калкты камсыздоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга президенттин өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев жетекчилик кылып, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгынын башчысы Токтогул Мамашов, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Осмонов Ынтымак, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын биринчи орун басарлары жана көмүр казып алуучу мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Негизинен райондун базаларына көмүрдү ортомчулардын катышуусуз жеткирүү жана көмүрдүн баасын 5 сомдон ашырбоо маселеси каралды. Бул көйгөйдү чечүү үчүн ар бир райондо арзандатылган көмүрдү сатуу үчүн атайын базаларды ачуу чечими кабыл алынды. Бул базалар түздөн-түз көмүр казуучулар тарабынан камсыз кылынат жана бул ортомчулар тарабынан негизсиз кымбаттоолорго жол бербейт.

Жыйын бардык катышуучуларга тиешелүү тапшырмаларды берүү менен аяктап, алдыдагы күз-кыш мезгилинде калкты арзан баада көмүр менен камсыздоо боюнча сунушталган иш-чараларды тез арада ишке ашырууга бардык күч жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий