Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Жолугушууда облус жетекчиси президенттин тиешелүү жарлыктарын аткаруу алкагында Ош облусунда аткарылып жаткан иштер боюнча учкай маалымат берди. Анда дин башкармалыгы менен тыгыз кызматташып келгенине токтолуп, мындан ары да жакындан иш алып барууга кызыктар экендигин билдирди.
Ал эми азирети муфтий ыйгарым укуктуу өкүлдүн иштерине ийгиликтерди каалап, КМДБнын агартуу жаатындагы аткарып жаткан иштери боюнча кыска токтолуп өттү.
Ошондой эле Ош облусунун казысы Элчибек Жантаевге облустук борбордук мечит курууга көмөк көрсөтүүнү сунуштап, анын баштапкы долбоору менен тааныштырды.
Бейлгилей кетсек, азирети муфтий "Улут наркы – эл баркы" аттуу агартуу кербенинин алкагында 7 дубан, 2 шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрүп жүрөт.
Пикир
Оставить комментарий