• 86.8
  • 91.36
  • 0.81

Ош облусунун башчысы ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев бүгүн БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы абалын жакшыртуу багыттары талкууланды.

Облус жетекчиси ЮНИСЕФ уюму тарабынан Ош облусунда балдардын эрте куракта окуусуна, эне жана баланын саламаттыгын жогорулатуу багытында аткарылып жаткан бир нече долбоорлор бар экендигин белгилеп, кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми Самман Джунг Тапа ЮНИСЕФ тарабынан жасалып жаткан иштер боюнча маалыматтарын берип, мындан ары дагы калктын аялуу катмарынын жашоосун жакшыртууга, балдардын укуктарын коргоо жана башка багытта бир катар иштер жүргүзүлө тургандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий