Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 26-декабрда президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Майрамдык салтанатка облус аймагынан жалпы 160 бала чакырылган. Алар окуунун алдыңкылары, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.
Облус башчысы Элчибек Жантаев балдарды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, окууларына ийгилик жана бактылуу балалык каалады.
Жаңы жылдык балаты майрамында балдар үчүн куурчак театры, театрлаштырылган оюн-зоок программалар уюштурулуп, ар бир балага Ош облусунун башчысынын атынан белектер тапшырылды.
Ошондой эле президентке кат жазып, белек сураган балдардын кыялдары орундалды.
Пикир
Оставить комментарий