• 87
  • 90.55
  • 0.84

Ош: Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруунун тартиби

Аймак 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Ош гарнизонунун аскер прокурорунун улук жардамчысы, юстициянын майору Султан Токтогулов Ош облусунун, Ош шаарынын аскер комиссариаттары тарабынан жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруунун тартиби жөнүндө айтып берди.

Анын маалыматына караганда, Конституцияда жана «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамында, Мекенди коргоо - Кыргыз Республикасынын жарандарынын констиуциялык ыйык парзы жана милдети болуп саналат.

Аскердик кызмат - жарандардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда аскердик милдетти аткарууга багытталган мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрүнө кирет.

Жогорудагы мыйзамда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгына ылайык, райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу ар жылда эки жолу (март - май жана сентябрь - ноябрь) айларында жүргүзүлөт.

Чакыруу комиссиясынын төрагасы: - тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссары, мүчөлөрү: - мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлү; райондук (шаардык) ички иштер бөлүмүнүн өкүлү; чакыруу комиссиясынын улук врачы жана катчыдан турат.

Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылып жаткан жарандар, райондук (шаардык) аскер комиссарынын буйругу жарыяланганда же чакыруу кагазын алганда, өздөрү аскердик каттоодо турган аскер комиссариаттарына келүүгө милдеттүү. Уюмдардын жетекчилери чакырылууга тийиш болгон жарандарды аталган убактарда жумуштан, окуудан бошотууга, аларды иш сапарлардан чакырууга жана чакыруу участкаларына өз убагында камсыз кылуулары керек.

Аталган мыйзамга ылайык, жарандардын белгиленген мөөнөттө чакыруу участкаларына келбей калууларынын жүйөөлүү себептери катары, ооруп калуусу, жакын тууганынын өлүмү же катуу оорусу жана күтүүсүз мүнөздөгү тоскоолдуктар эсептелип, ал жагдайлар өз алдынча башкаруу же ички иштер органдары тарабынан күбөлөндүрүлүүгө жатат.

Мындан сырткары, жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу жүргүзүлүп, аны уюштурууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жардам көрсөтүшөт. Жарандардын аскердик, альтернативдик кызматтарга жарамдуулук деңгээлин аныктоо үчүн райондордо (шаарларда) медициналык комиссиялар түзүлүп, алар жарандын үй-бүлөлүк абалын, диний көз-караштарын, соттолгондугунун, каалоосунун жыйынтыктарынын негизинде кайсы кызматка жарактуулугу боюнча чечимдерди кабыл алышат.

Мөөнөттүү аскердик кызматка он сегиз жаштан жыйырма беш жашка чейинки эркек жарандар чакырылып, алардын аскердик кызматын өтөө мөөнөтү кызмат өтөө жерине жиберилген учурдан баштап эсептелет жана кызмат өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Альтернативдик кызматка чакыруу он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ эмес, же болбосо чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган, мөөнөттүү аскер кызматын өтөбөгөн эркек жарандардан турушу мүмкүн жана кызмат өтөө мөөнөтү он сегиз айды түзөт.

Альтернативдик кызматка үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча чакырылгандар үчүн эсептик көрсөткүчтүн - 180 өлчөмү, диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жана коомдук пайдалуу жумушту аткарууга каалоосун билдирген жарандар үчүн - 108 саатка чейин коомдук пайдалуу жумушту аткаруу жана эсептик көрсөткүчтүн - 250 өлчөмүн төлөө каралган.

Аталган мыйзамдын негизинде, мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу жыйырма экиден кырк жашка чейинки курактагы жарандар республикалык бюджетке - 500 эсептик көрсөткүч суммасында акчалай салым төлөшүп, 30 күндүк аскер жыйындарынан өтүүсү каралган.

Ал эми, жыйырма беш жаш куракка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүнү каалабаган жарандар, республикалык бюджетке - 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү сумманы төлөгөндөн кийин экинчи категориядагы запаска киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий