• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кара-Суу районунда 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун Таш-Арык айылындагы 275 орундуу №60 Абдылдаев атындагы орто мектептин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Билим берүү уясы долбоор боюнча 3 блоктон эки кабатуу окуу корпустан туруп, спорттук зал, ашкана, балдардын жана кыздардын кол эмгек класстары, футболдук, волейболдук оюн аянтчалары каралган.

Мектептин курулушуна 75,4 млн сом каражат бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий