Бишкек, 07.10.18. /Кабар/. 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү.
Анын негизинде, курулуш, мобилдик жана туристтик компаниялардын, сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, ишкерлер жеңил өнөр-жай, тамак-аш, айыл-чарба продукцияларын арзан баада сатышты.
Көргөзмө-жарманкеге жалпысынан район-шаарлардан 150гө жакын катышуучулар өз продукцияларын, колдо жасалган буюмдарын шаардыктарга жана келген конокторго көрсөтө алышты.
Пикир
Оставить комментарий