Ош – Раззаков жолун бириктирген эки көпүрө пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Бүгүн Ош – Раззаков жолун бириктирген эки көпүрө тең пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Ош – Баткен – Раззаков автожолунун 63 чакырымындагы көпүрөдө иш кызуу жүрүп жатат.

"Ал эми 43 чакырымындагы Чили-Сай көпүрөсү бүгүн кечке бүтмөк, бирок техника, жумуш күч бүгүн кулаган Абшыр-Сай көпүрөсүнө тартылгандыктан эртеңкиге калтырылды. Бүгүн кыйраган көпүрө дагы эртең калыбына келтирилет. Жыйынтыгында эки көпүрөдө каттам жүрөт", - деп айтылат маалыматта.

Жеринде облус жетекчиси Элчибек Жантаевдин тапшырмасы менен биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев тиешелүү кызмат жетекчилери менен иш алып баарууда.

Эскерте кетсек, күн мурун саат 20:30дар чамасында тазалоо иштери учурунда катуу келген селден аталган жолдун 63-чакырымындагы Найман көпүрөсү урап түшүп, жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

Пикир

Оставить комментарий