Ош: саат 16:00гө карата милицияга сегиз маалымат келип түштү

Аймак 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында парламенттик шайлоо тынч өтүп жатат, - деп билдирет Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, саат 16:00гө карата милицияга сегиз маалымат келип түшкөн.

"Одоно түрдө мыйзамдуулукту же коомдук тартипти бузуулар катталган жок. Башкармалыкка келип түшкөн 8 маалыматтын үчөө аймактык шайлоо комиссиясына кароо үчүн жөнөтүлдү, 5 маалымат текшерүү учурунда тастыкталган жок. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан массалык маалымат каражаттарына, интернет булактарында жарык материалдар боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Көпчүлүк маалыматтар тастыкталган жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, шайлоо күнүнө чейин үгүт иштеринин жүрүшүндө жалпысынан 31 маалымат катталган. Анын ичинен: өндүрүштө 6 материал бар, сотко 5 материал жөнөтүлдү.

Тергөө учурунда тастыкталбаганы үчүн 5 материал кыскарды. 7 материал аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү. Сегиз материал башка материалдарга бириктирилген.

Пикир

Оставить комментарий