• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу тазаланып, каттам бир тараптуу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 70-72 жана 82-чакырымдары сел калдыктарынан тазаланып, бир тараптуу каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, аталган аймакта катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, жолду жаап калган. Аймакка жолчулар техникалары менен тартылып, жолду тазалап, бир тараптуу каттам берилди.

Белгиленгендей, азыркы учурда жогоруда белгиленген тилкелерде тазалоо жана кеңейтүү иштери уланууда.

Эскерте кетсек, күн мурун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы сел жүргөнүнө байланыштуу аталган жол убактылуу жабылганын эскерткен.

Пикир

Оставить комментарий