• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ош шаардык кеңешинин VIII сессиясы өтүп, бир топ маселелер талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Күн мурун, 29-мартта, Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын VIII сессиясы өттү.

Күн тартибинде ар түрдүү маселелер каралды, алсак;

- Ош шаарынын 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү;

- АРИС аркылуу ишке ашырылуучу Дүйнөлүк банктын долбоорлорун бекитүү;

- үстүбүздөгү жылдын бюджетине тиешелүү бир катар токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизүү, жергиликтүү бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүү;

- диний экстремизм жана терроризм жаатындагы укук бузуулардын алдын алуу;

- шаардык кеңештин “Ош шаарында көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү;

- көп кабаттуу үйлөрдү үлүштүк курууга катышуу үчүн жарандардын тизмесин түзүү жөнүндө жобону бекитүү;

- коомдук транспорттордун иштеши жана башка маселелер каралды.

Пикир

Оставить комментарий