• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ош шаардык мэриясында Франциянын элчиси менен жолугушуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николас Файдын жолугушуусу өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар экономика, туризм, маданият, билим берүү, экология, жылуулук берүү багытында өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкө ортосунда студенттердин тажрыйба алмашуу программаларын иштеп чыгуу маселелери боюнча сүйлөшүлдү.

Соңунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий