Бишкек, 14.07.24. /Кабар/. Бүгүн саат 14:00 чамасында Ош шаарынын Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүргөн.
Анын кесепетинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 420дан ашык адамды коопсуз жайга эвакуациялап, Ош – Гүлчө – Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылган.
Учурда Төлөйкөн айылындагы Борубай-Ата эс алуучу жайында жана борбордук базарда куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.
Сүрөттөр жана видео Исхак Туратбековдуку
Пикир
Оставить комментарий