• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Ош шаарына газ берүү убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Эртең, 8-октябрь саат 09:00дөн тартып 9-октябрь саат 10:00гө чейин Ош шаарында убактылуу газ берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, газ берүү Өзбекстандын "Узтрансгаз" ишканасы "Ходжабад-Ош" магистралдык газ түтүктөрүнө пландуу оңдоп-түздөө иштерин жүргүзөрүнө байланыштуу токтотулат.

"Убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий