• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош шаарынан 15 чакырым алыс жайгашкан кварталга таза суу жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Ош шаарынан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан 224-кварталына таза суу жеткирилди.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, “Курманжан-Датка” муниципалдык аймак башкармалыгына караган кварталда буга чейин таза суу болгон эмес. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүнүп, жалпы 3 чакырымдан ашуун суу түтүк линиясы тартылды.

Андан сырткары, сыйымдуулугу 50 кубту түзгөн суу алуучу жайга мунара курулуп, тереңдиги 185 метрге жеткен суу кампасы казылып, суу чыгарылды.

Азыркы учурда жеринде сыноо иштери жүрүүдө. Жумуштар бүткөрүлгөн соң пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий