• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ош шаарынан Сургутка авиакаттамдардын саны көбөйдү

Коом 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-июндан тартып Ош – Сургут – Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдарды ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы Airbus A320 учактары менен жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарат.

Мындан тышкары, Utair авиакомпаниясы бул каттам боюнча каттамдарды жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарат.

"Манас" аэропорту каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча аталган авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий