Ош шаарынан Ысык-Көлгө аба каттамдары жанданды

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Ош шаарынан Ысык-Көлгө аба каттамдары жанданды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-июнда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна Ош шаарынан биринчи учак келип конду. Аны менен Кыргызстандын экинчи борборунан 96 жүргүнчү учуп келди.

"Алдыда июль айынан баштап Ош жана Жалал-Абад шаарларынан күн сайын каттамдар аткарыла тургандыгы пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий