Ош шаарында 1-июндан тарта "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштайт

Аймак 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Ош шаарында тесттик режимде "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирип, атайын аппараттар жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөт, видеого тартып алат.

Мэриядан маалымдашкандай, долбоордун алкагында Ош шаарындагы 20 кесилишке 150 программалык аппараттар, анын ичинде 5 мобилдик, 11 көчмө, калганы стационардык камералар орнотулат.

Аталган долбоор эки этапта ишке ашырылып, биринчи этаптын алкагында 60, экинчи этаптын алкагында 90 программалык аппараттарды орнотуу пландалууда.

Кесилиштерге орнотулган камера бузуунун төмөнкү түрлөрү боюнча аныктайт:

  • ылдамдыкты ашыруу;
  • маршруттук унаалар жүрүүчү тилкеге жеңил унаа кирген учурда;
  • каршы жол тилкесине чыгуу;
  • коопсуздук курун тагынбаганда;
  • жөө жүргүнчүлөргө жол бербегенде;
  • жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бурулганда;
  • жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде токтогондо;
  • жол белгилерине маани берилбеген учурда;
  • тыюу салынган жерден жөө өтүүдө;
  • стоп сызыгына чейин токтотуу, жол кыймылынын эрежелерин сактабоо;
  • транспорт каражатын токтотуу эрежелерин бузуу;
  • тротуарга унааны токтотууда.

1-июндан тарта "Коопсуз шаар" долбоору тесттик режимде ишин баштайт. Ал бир айга созулат. Мында автоунаалардын жол эрежесин бузгандыгы фото, видеого тартып алынат, бирок айып пул салынбайт.

Ал эми бир айдан кийин жол эрежесин бузгандарга карата айып пулдар расмий түрдө салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий