• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ош шаарында № 177 көчө капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Ош шаарындагы № 177 көчө толук капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мында жол четине жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жасалган. Андан сырткары суу өтүүчү ирригациялык системасы жакшырып, лотоктор жана түнкү жарыктандыруу орнотулган.

Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов жолдун сапатын жана бүткөрүлгөн жумуштар менен таанышып, жергиликтүү жашоочулар менен жолукту. Тургундар бул жолго буга чейин бир да асфальт басылбай ысыкта чаң, жаан-чачында ылай болуп келгендигин айтып, шаар мэрине ыраазычылыктарын билдиришти.

Айта кетсек, бул жол шаар аймагынан Фуркат айылына чыккан айланма жол болуп, Ош – Бишкек, Ош – Сары-Таш – Эркечтам эл аралык жолуна байланыштырат.

Пикир

Оставить комментарий