• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ош шаарында 3 жашар кыз каналга түшүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Ош шаарында 3 жашар кыз каналга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Керме-Тоо айылынын кварталында жайгашкан каналга 2019-жылы туулган М.М. аттуу жаш кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, кыздын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий