• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ош шаарында 95 үй-бүлө кайтарымсыз 100 миң сомдон алышты

Аймак 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Бүгүн Алымбек датка этно борборунда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучуларды колдоо максатында түзүлгөн “социалдык келишим” долбоорунун алкагында социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө ишкердикти баштоо үчүн кайтарымсыз 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сертификаттарды тапшырууга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Жылдыз Полотова катышты.

Иш-чаранын алкагында 2022-2023-жылдарга карата социалдык келишимдин негизинде жардам алган ишкерлердин продукцияларынын жарманкеси уюштурулду.

Белгилей кетсек, аталган долбоор министрлер кабинетинин социалдык келишимдин негизинде жардам көрсөтүү жөнүндө токтому менен ишке ашырылып, үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгып кетүү аракеттерине үндөп, финансылык көз карандысыздыкка көмөк көрсөтүп, жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий