• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарында Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 33 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда, Ош шаарында интернационалист-жоокерлерге арналган мемориалдык комплексте Афганистандын советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 33 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ага вице-мэр Венера Рыскулова, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин депутаты Мэлис Жусупов, Россиянын Оштогу башкы консулу Андрей Бибишев, Ош гарнизонунун башчысы Руслан Муканбетов, КРнын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкерлери, интернационалисттер, ардагерлер жана курман болгондордун жакындары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мемориалдык комплекстеги өчпөс отко гүл коюлуп, асманга ок атылды. Ошондой эле курман болгон интернационалист-жоокерлердин элесине багышталып куран окулду.

Вице-мэр Рыскулова бул иш-чараны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, катаал жылдарда аскер кызматкерлеринин тынчтык үчүн, келечек муундардын бактысы үчүн жасаган эрдиктерин эстен чыгарбоо керектигин баса белгиледи.

Афганистандагы аскердик операциялар 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган. Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгына быйыл 33 жыл болду. Бүгүнкү күндө Ош шаарында 363 интернационалист-жоокер жашайт.

Пикир

Оставить комментарий