• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Ош шаарында алдыдагы шайлоого карата гарнизондук кароо өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Бүгүн 17-ноябрда боло турган шайлоого карата коомдук коопсуздукту сактоого, мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган Ош шаардык ички иштер органдары тарабынан көрүлгөн даярдыктарды текшерүү максатында гарнизондук бөлүштүрүү өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, даярдык боюнча өткөрүлгөн иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамир Исаков, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери катышты.

Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий