• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош шаарында ар бир ишемби күнү азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 27.02.21. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтында март айынын ар ишемби күндөрү азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, жарманкеде азык-түлүктөрүн дүң баада сата тургандар мэрияга кайрылуусу керек.

"Жарманкеде өндүргөн азык-түлүгүңүздөрдү, жер-жемиш, мөмө-жемишиңиздерди шаар тургундары жана коноктор үчүн дүң баада сатып кетиңиздер. Катышуучулар Ош шаарынын мэриясы тарабынан атайын чатырлар менен камсыздалат", - деп айтылат маалыматта.

Катышууну каалагандар төмөнкү байланыш телефондоруна кайрылуусу керек: 0 (774) 605-905; 0 (559) 605-905

Пикир

Оставить комментарий