• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Ош шаарында бийиктиги 4 метр болгон "Ак калпак" инсталляциясы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-мартта, Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында 5-март – Ак калпак күнүнө карата “Ак калпак” инсталляциясынын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, калаадагы жаштар, активисттер жана тургундар катышты.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, улуттук маданияттын символдорун камтыган этномаданий объектилердин ачылышынын маанилүүлүгү белгиленди.

Бийиктиги 4 метр болгон инсталляция үч бурчтуу түз призма болуп, анын бардык тарабында Ош шаарынын бренди коюлуп, үстүнө улуттук баш кийим – Ак калпак орнотулган.

Андан соң Ак калпак күнүнө карата иш-чаралардын алкагында шаардын борбордук көчөлөрүндө массалык жөө жүрүш өттү.

Белгилей кетсек, жыл сайын 5-мартта улуттук баш кийим – ак калпактын урматына майрам өткөрүлөт. Бул күн Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен улуттук баш кийимдин маанилүүлүгүн сактоо, улуттук каада-салттарды сактоо жана кыргыз элинин маданияты менен сыймыктануу сезимин өнүктүрүү максатында бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий