Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Ош шаарынын Туран кичи районунда бир жаран кудукка түшүп кетип, бутун сындырып алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтен белгилешкендей, ал жаран 8 метр тереңдиктеги кудукка түшүп кеткен.
Окуя жерине барган куткаруучулар аны кудуктан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикир
Оставить комментарий