• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ош шаарында биринчи эл аралык туристтик жарманке ачылды

Коом 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Ош шаарында биринчи эл аралык "Салам Ош – 2024" туристтик жарманкеси ачылды. Бул тууралуу КР Соода-өнөр палатасынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, иш-чарага Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев, президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Туризм тармагында кызмат көрсөткөн 60тан ашык уюм жана мекемелер, анын ичинде Түркмөнстан, Өзбекстан, Россия жана Кытайдан келген 40тан ашык ишкерлер туризм тармагында өз кызматтарын көрсөтүштү. Ошондой эле 30дан ашык кол өнөрчүлөр жана туристтик кызматтарын сунуштаган көптөгөн фирмалар өз буюмдарын коюшту.

Темир Сариев өз сөзүндө Ош шаарынын жаратылышынын байлыгына, кооз жерлерине токтолуп, туристтик дараметин баса белгиледи.

"Бул маанилүү иш-чара Ош шаарында жана Кыргызстанда туризмди жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошот", - деди ал.

Соңунда конокторго жалпы Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий