• 87
  • 90.59
  • 0.86

Ош шаарында быйыл биргелешип каржылоо долбоорлору көбөйөт

Аймак 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Ош шаарында быйыл биргелешип каржылоо долбоорлору көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жарандар тарабынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен мэр бюджет бекитилгенге чейин шаардыктар менен жолугушууларды өткөрүүдө.

“Жарандардын бардык кайрылуулары каралат. Бир катар суроо-талаптар боюнча жеринде тиешелүү тармактардын жетекчилерине тапшырмалар берилди. Калктын тынымсыз кайрылууларына ылайык биз тротуарларды, арыктарды курууга жана оңдоп-түзөөгө өзгөчө көңүл бурабыз. Бул иш биринчи кезекте чечүүнү талап кылып турган борбордук көчөлөрдөн башталат. Мындан тышкары, быйылкы жылы биргелешип каржылоо долбоорлорунун санын көбөйтүү аракетин көрөбүз. Өткөн жылы буга 15 млн сом каралса, быйыл 30 млн сом бөлүнөт”, - деди мэр.

Алмаз Мамбетов биргелешип каржылоо долбоорлору менен шаар тургундарынын бир топ көйгөйлөрүн чечүүгө болорун белгиледи. Атап айтканда, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын жакшыртуу, чатырларды жана подъезддерди оңдоо, суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реконструкциялоо, балдар аянтчаларын куруу жана башка проблемаларды жөнгө салууга болот. Бул иштерди каржылоого аткаруу бийлигинен 50%, жергиликтүү элден 50% каражат чогултулат.

Жыйындын алкагында “Сулайман-Тоо” МАБынын 2021-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы жана бул жылга планы тууралуу маалымат берилди. Жолугушууда инфраструктуралык жана коммуналдык маселелерди мэрге айтышты. Анын ичинде ички жолдордун абалы, мыйзамсыз обьекттер, унаа токтотуучу жайлар, көп кабаттуу үйлөргө домофондорду орнотуу жана таштанды контейнерлерин коюу, жөлөк пул алуу, электр энергиясы жана газ менен камсыздоодогу көйгөйлөр көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий