Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында "ЭлПласт" ЖЧКсынын ирригациялык системалар үчүн полипропилен жана полиэтилен түтүктөрүн чыгарууга адистешкен ишканасынын ачылышы болду.
Мэриядан билдиришкендей, иш-чаранын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн форматта катышты.
Белгилей кетсек, 100дөн ашуун жумуш орунга ылайыкташкан ишкана тарабынан айына 150 тонна материал чыгарылат.
Пикир
Оставить комментарий