Ош шаарында эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулуш иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Ош шаарында эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулуш иштери башталды. Мэрдин орун басары Замир Юсупов бүгүн муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жеринде техникалык көчмө жыйын өткөрдү.

Белгиленгендей, эки деңгээлдүү жол өтмөгү Монуев – Шакиров – Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишине курулат.

Мында тиешелүү кызматтарга өздөрүнө тиешелүү болгон жумуштарды ыкчам бүткөрүп берүү, жумушту 2 нөөмөт менен уюштуруу, мыймасыз курулуштарды иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Буга чейин шаардык архитектура башкармалыгы тарабынан жолго чыгып кеткен же курулушка тоскоолдук жараткан соода түйүндөрүн иретке келтирүү, алып салуу боюнча ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында Монуев көчөсүндө унаа тыгынынын пайда болушунун алдын алуу максатында жол толук жабылбайт.

Белгиленгендей, жумуштар жалпы 600 метр аралыкта жүрөт. Жол азыркыдан бир топко кеңейтилип, тротуар жана ирригациялык тармактар кошо курулат.

Пикир

Оставить комментарий