• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында эки көчө капиталдык оңдоодон өтөт

Аймак 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаадагы Мамыров жана Амир-Тимур (Калинин) көчөлөрүн капиталдык оңдоп-түзөө боюнча көчмө техникалык кеңешме өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы жолдордун учурдагы абалы менен жеринде таанышып чыгып, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине баштапкы иштерди жасоо үчүн зарыл болгон жумуштарды бүткөрүүнү тапшырды.

Аталган эки көчөгө жаңыдан асфальт төшөө, ирригациялык тармактарды оңдоо, тротуарларды куруу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштер жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Амир-Тимур жана Мамыров көчөлөрү жакында эле Ош шаарынын мэриясынын "Ош шаардык жолдору" муниципалдык ишканасынын балансына өткөн.

Пикир

Оставить комментарий