• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Ош шаарында эки өнөр жай ишканасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата "Алайкуу Органикс" ЖЧКнын жаңы логистикалык борборун жана "Досмарко" ЖЧКсынын текстиль буюмдарын чыгаруучу ишканасы ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен өттү.

Белгилей кетсек, "Алайку Органикс" жоопкерчилиги чектелген коомунун кургатылган мөмө-жемиштерди сактоочу жана иштетүүчү 50 тонналык логистикалык борборунда 15 адис жумуш кылат.

"Манас-Ата" муниципалдык аймактык башкармалыгында 1 млн доллар өлчөмүндө инвестиция тартуу менен курулган "Досмарко" ЖЧК текстиль буюмдарын чыгаруучу ишкана 150 жумуш орунга ылайыкташтырылган. Ишканада суткасына 8 миңге жакын өндүрүм чыгарылып, коңшу мамлекеттерге экспорттолот.

Пикир

Оставить комментарий