• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарында эл аралык бийчилер фестивалы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Ошто "Бий искусствосу – 2024" аттуу II эл аралык бийчилер фестивалы башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 9-июлда Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында бий фестивалынын ачылышы болду. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана чет өлкөлөрдөн келген расмий коноктор катышып, жалпы бий өнөр ээлерин куттукташты.

Ошондой эле бийчилер жөө жүрүшү жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси уюштурулду.

Белгиленгендей, Кыргызстанда өтүп жаткан бий фестивалына Түркия, Өзбекстан, Каракалпакстан, Казакстандын таланттары катышууда. Бийчилерди чогулткан иш-чара 12-июлга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий