Ош шаарында эл аралык йога күнү белгиленет

Аймак 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин экинчи катчысы Ражни Верма менен жолукту.

Муниципалитеттен билдииршкендей, жолугушууда тараптар 21-июнда эл аралык йога күнүн өткөрүү маселесин талкуулашты.

Марс Исаев Ражни Вермага ыраазычылык билдирип, буга чейин Ош шаарында эл аралык йога күнүн белгилөө салтка айланганын, бул иш-чараны өткөрүүгө Ош шаарынын мэриясы ар тараптуу көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Ражни Верма Ош шаарынын жана Бишкек шаарынын мэриясы индия тарап менен көптөн бери өнөктөш болуп келгендигин жана кызматташтык жемиштүү өнүгүп жатканын белгилеп, алдыдагы иш-чараларды өткөрүүдө ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде санариптик технологияларды киргизүү жаатындагы маселелер талкууланды.

Учурда Ош шаарынын борбордук стадионунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктаэн л аралык йога күнүн "Алай" футбол академиясынын машыгуу аянтчасында өткөрүү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий