Ош шаарында "Элдер ынтымагы" фестивалы өттү — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Ош шаарында "Элдер ынтымагы" фестивалы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Фестиваль Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан маданий баалуулуктарды даңазалоо жана ар улуттун өкүлдөрүнүн ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулду.

Мында ар улуттун улуттук кийимдерининин жарманкеси, ар улуттардын улуттук кийимдеринин көргөзмөлөрү көрсөтүлүп, маданий программалар менен коштолду. Жыйынтыгында, иш-чарага көмөк көрсөткөн жаштарга Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Иш-чарага Ош шаарынын тургундары, ар улуттун өкүлдөрү, жаштар жана Россиядан келген блогерлер катышты.

Пикир

Оставить комментарий