• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарында көп балалуу энелерге орден жана медалдар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясында көп балалуу энелерге "Баатыр эне" орденин жана "Эне даңкы" медалдарын тапшыруу аземи өттү.

Ош мэриясынан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, орун басары Нурбек Кадыров, көп балалуу энелер жана алардын жакындары катышты.

Калаа башчысы коомдун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына өзгөчө салым кошкон энелерге бекем ден-соолук каалап, алган жогорку сыйлыктары менен куттуктады.

КР президентинин жарлыгына ылайык, бүгүн 20 энеге "Баатыр эне" ордени, 14 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Ал эми Ош шаарынын мэриясы тарабынан ар бир айымга акчалай сыйлыктар берилди.

Ош шаарында “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин саны 567, алардын пенсия курагындагысы 483, эң жашы болсо 34 жашта. Ал эми “Эне даңкы” медалы менен сыйланган энелердин саны 185.

Маалымат үчүн: “Баатыр эне” наамы жети жана андан көп бала төрөгөн, балдарга бардык жактан татыктуу тарбия берген энелерге ыйгарылат. Наамды тиешелүү жобого ылайык алуу үчүн жаран катталган дареги боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий