Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Ош шаарында калктын аяр катмарына акысыз ун таратылууда.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, шаардын аярлуу катмарына колдоо көрсөтүү максатында Мамлекеттик материалдык резерв фонду тарабынан 2 827 мүшөк (141,35 тонна) ун бөлүнгөн.
Учурда 7 муниципалдык аймактык башкармалыктардан социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир мүшөктөн акысыз таратылууда. Тизмени тактоо жана таратуу боюнча ар бир МАБда комиссиялар түзүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий