Бишкек, 09.09.23. /Кабар/. Кечээ, 8-сентябрда Ош шаарында Комуз күнү салтанттуу белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-сара "Алымбек-Датка" этнографиялык борборунда өттү.
Ош шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган иш-чаралардын алкагында "Урааным Манас" аталышындагы сүрөтчүлөрдүн сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Мындан тышкары, комузчулар тарабынан флешмоб уюштурулуп, анда Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсү чертилди жана гала-концерт тартууланды.
Пикир
Оставить комментарий