• 84.2
  • 93.02
  • 0.93

Ош шаарында коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка жаңы мектеп салынды

Президент 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы Нариман орто мектебинин кошумча окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаров мектептин курулуш иштери коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгында каражат келип түшкөн Бирдиктүү депозиттик эсептен каржыланып жатканын маалымдады.

500 окуучуга ылайыкташкан үч кабаттуу окуу корпусунда 24 окуу кабинети, ашкана, медициналык кабинет, мугалимдер бөлмөсү, китепкана жана окуу залы бар. Бүгүнкү күндө негизги курулуш иштери бүткөрүлгөн. Объектини 2020-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берүү пландаштырылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен баарлашууда жаңы мектептердин, окуу корпустарынын курулушу боюнча долбоор мектептердеги класстардын жетишсиздик көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөрүн белгиледи. Бул көйгөй айрыкча Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле ички миграциянын негизги агымы болуп жаткан Чүй облусунда курч турат. Жыйынтыгында бир катар мектептерде балдар үч нөөмөт менен окуп, ар бир класста 50гө чейин бала отуруп, бир партада төрттөн бала окуп, окуучулар батпай келет.

Үстүбүздөгү жылда, Мамлекет башчысы кошумчалагандай, көп каражат коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жумшалган, бирок ага карабастан, маанилүү болгон долбоорлорду, анын ичинде жаңы мектептерди курууну жана авариялык мектептерди оңдоп-түзөөнү каржылоо эч нерсеге карабастан улантылат.

Сооронбай Жээнбеков пандемия менен күрөш көп күчтү жана убакытты талап кылганын, ал болбогондо мамлекет тарабынан социалдык объектилерди курууга жана оңдоп-түзөөгө, анын ичинде мектептерди курууга мындан да көбүрөөк көңүл бурулмактыгын белгиледи.

Өз кезегинде жергиликтүү тургундар Мамлекет башчысына аймактардагы мектептердин курулушу менен ремонтуна өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Эске салсак, 2018-жылы июнь айында экономикалык жана кызматтык кылмыштар тууралуу кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндарды кайра кайтаруудан түшкөн акча каражаттарын каттоого алуу жана багыттоо үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-июнундагы буйругу менен Бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектепти жана Ош жана Бишкек шаарларындагы, Чүй облусундагы жалпы билим берүүчү мектептердин кошумча корпустарын курууга 800 млн сом бөлүнгөн.

Жалпы жонунан Бирдиктүү депозиттик эсептин каражатына 15 мектеп куруу пландаштырылган.

Чүй облусу боюнча 7 мектеп жана 2 миң 700 окуучуга мектептерге кошумча корпустар, Бишкек шаарында 1 миң 809 окуучуга мектептерге 7 кошумча корпус, Ош шаарында 500 окуучуга 1 мектепке кошумча корпус, жалпысы 5 миң 9 окуучу орундарына корпустар салынат.

Пикир

Оставить комментарий