• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ош шаарында мүлк салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында мүлк салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Рейдге Мамлекеттик салык кызматынын, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.

Анын алкагында шаар тургундары арасында салыктарды төлөө жана салык мыйзамдарын сактоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жалпысынан Ош шаарында мүлк салыгы алына турган 1025 турак-жай жана 269 батир бар.

Эскерте кетсек, 1-сентябрда төмөнкү мүлк салыктарынын төлөө мөөнөттөрү аяктаган. Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактар үчүн 1000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5000 сом айып пул каралган.

Пикир

Оставить комментарий