• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарында «Манас айтуу» боюнча онлайн сынак жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-декабрь күнү «Манас» эпосунун күнүнө карата уюштурулган «Манас айтуу» боюнча онлайн сынактын жыйынтыктоочу этабы өттү. Ага жалпысынан 100дөн ашуун окуучу, ОшМУдан 28, КӨУдан 12, ОГПИден 16 студент катышкан. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Конкурстун шарттары боюнча ар бир окуу жай мэриянын жобосунун негизинде, комиссиялык топтун көрсөтмөсү менен жыйынтыктап, 1-2-3-орундарды камсыздаган катышуучуларды тандашкан.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, сынактын белектери 18 катышуучуга тапшырылат.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу «Манас айтуу» сынагы онлайн режиминде өтүп, «Манас» күнүнө жана мамлекеттик тилдин 31 жылдыгына арналып уюштурулду.

Жобонун негизинде жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери, Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан окуучулар арасында өттү.

Пикир

Оставить комментарий