Ош шаарында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарында Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага мэр Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оштогу координатору Шаятбек Абдурахманов, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери, медицина кызматкерлери катышты.

Бакытбек Жетигенов ак халатчандардын кесиптик майрамы менен куттуктап, ак кызматын элдин ден соолугу үчүн жумшаган өмүр сакчыларына ийгиликтерди каалады.

Саламаттыкты сактоо тармагынын отличниги, медицина кызматынын ардагерлери, ошондой эле эмгеги менен айырмаланып, саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңештин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктар жана төш белгилери менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде дарыгерлер өздөрүнүн кесиптик майрамын — Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнүн белгилешет.

Ош шаарында 3,5 миңге жакын медицина кызматкери болсо, анын ичинен алтоосу КР эмгек сиңирген дарыгери, алтоо илимдин доктору, 14ү медицина илимдеринин кандидаты, 224ү саламаттыкты сактоонун отличниги.

Пикир

Оставить комментарий