• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында мыйзам бузууларга каршы иштер күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Ош шаарындагы бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарда “Бузуулар кодекси” боюнча иштер күчөтүлөт. бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Сонунбек Жунусбаевдин жетектөөсүндө бардык МАБдагы юристтердин “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык, мыйзам бузууларга каршы иш-аракеттерин күчөтүү максатында жумушчу жыйын болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын прокуратурасынын өкүлү Өмүрбек Жүжүрөв катышып, бул багыттагы мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу боюнча ар бир МАБдын юристтери аткарышы керек болгон иштерге токтолду.

Жыйындын соңунда иш көрсөткүчтөрү төмөн болгон МАБдардын бир катар юристтерине тиешелүү эскертүүлөр берилди. Мындан тышкары, бардык МАБ жетекчилерине жана юристтерине бир айлык мөөнөттө КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.

Тактап айтканда, тартипти калыбына келтирүү, мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү, таштандыларды уруксат берилбеген жайларга чыгарууну жоюу, суткага берилүүчү батирлерге жана тротуарлардагы чачкынды соодага каршы күрөшүү боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүү талабы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий