• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ош шаарында окуучулар үчүн акысыз автобустар каттамга чыкты

Аймак 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында окуучулар үчүн атайын автобустардын алгачкы каттамы ишке кирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бул демилге Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылды.

Аталган автобустар күнүнө үч жолу, эрте менен, түшкүсүн, кечкисин акысыз каттайт.

Автобустар төмөнкү багыттар боюнча каттайт:

  • №1 мектептик автобустук каттамы Н.Исанов көчөсүндөгү троллейбустун акыркы аялдамасы – А.Шакиров – А.Масалиев көчөлөрү аркылуу түз – И.Раззаков – У.Салиева (облустук оорукананын жолу менен) түз – С. Касымбеков көчөсүнө чыгып кайра У.Салиева көчөсү аркылуу келген кыймыл чиймеси боюнча артка кайтат кайтат.
  • №2 мектептик автобустук каттамы Тээке айылы (Ош-Араван автоунаа жолу) - Кеңеш айылы борбору – Көкүмбий (Барсбек айланпа) – Б.Осмонов – Р.Абдыкадыров (Черемушки) – Ш.Руставелли – Г.Айтиев – Курманжан датка – Джиннах (Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайы) – В.Ленин көчөлөрүнөн жүрүп Төлөйкөн айылындагы Г.Айтиев мектебинен кайтат. (Ипподром)
  • №3 мектептик автобустук каттамы ДЭУ-21 - А.Мамыров көчөсү (Волчая яма) – Ак-Тилек кичи району - Б.Осмонов – Р.Абдыкадыров (Черемушки) – Ш.Руставелли – Г.Айтиев – Курманжан датка – Джиннах (Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайга чейин).

Эскертүү: Ар бир багыт боюнча экиден автобус жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий