Ош шаарында парламенттик шайлоого байланыштуу координациялык кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-ноябрында Ош шаарынын мэриясында шайлоого байланыштуу координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ага биринчи вице-мэр Марс Исаев, вице-мэрлер, укук коргоо органдарынын, аймактык шайлоо комиссиясынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.

Кеңешмеде шайлоого байланыштуу коомдук саясий кырдаалды көзөмөлдөө, шайлоо участкаларындагы даярдык, үгүт учурундагы мыйзам бузуулардын алдын алуу тууралуу сөз жүрдү.

Ош шаарында жалпы 78 шайлоо участкасы бар. Ал эми шайлоочулардын саны 154 миңди түзөт. Бүгүнкү күндө мэрия тарабынан шайлоо өткөрүү үчүн участкаларда керектүү шарттар түзүлгөн. Алдыда добуш берүүчү тилкелерди дезинфекциялоо иштери жасалат.

Белгилей кетсек, өлкөдө парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий