Ош шаарында Сабантуй майрамы белгиленди – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Ош шаарында татар-башкырлардын Сабантуй майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чара муниципалитеттин татар-башкыр улуттук-маданий борбору "Илькаем" жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясы тарабынан уюштурулду.

Анын ачылышына Ош шаарынын мэриясынын, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн өкүлдөрү, шаар тургундары жана Ош облусунун жашоочулары катышты.

Иш-чараны ачып жатып, татар-башкыр УМБ президенти Равиля Ахмерова конокторду жана катышуучуларды эзелтеден келаткан майрам менен куттуктады.

Майрамдык концерттик программада Татарстандын коноктору - эл артисти Фердинанд Фаттрахманов, эмгек сиңирген артист Гүлшат Имамамиева, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Фергана облустук маданий борборунун өнөрлөрүн тартуулады.

Иш-чаранын алкагында коноктор салттуу чак-чак жана таттуулардан даам сызып, татар улуттук оюндарында катышты.

Пикир

Оставить комментарий