Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Күн мурун Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгында “Чек талап кылып, байге утуп ал!” акциясынын алкагында "Салык чек" лотереясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.
Жалпы Ош шаарынан жана жакынкы райондордон 85 адам биринчи этаптын жыйынтыгы менен жеңүүчү болушкан.
Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев катышып, жеңүүчүлөрдү куттуктап байгелерин тапшырды. Лотереянын кийинки баскычына да жеңүүчүлөрдү активдүү катышууга чакырды.
Белгилей кетсек, калкка накталай төлөмдөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык аппараттарды колдонууну жогорулатуу максатында өткөрүлгөн лотереянын биринчи этабына Ош шаарынын жана Ош шаарынан жана жакынкы райондордон 9526 тургуну катышып, анын ичинен 85 жеңүүчү деп табылган.
Тиешелүү оюндун кийинки этабы 25-30-декабрда өтүп, анда 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фенинин ойнотулат.
Пикир
Оставить комментарий